• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сузакта чөгөлөп кечирим сураган окуучу кыз. Министрлик эмне дейт?

19 Бугу 2023 17:46 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебиндеги окуучу кызга байланыштуу социалдык тармактарга тарап жаткан видео боюнча маалымат таратты.

Билдирүүгө ылайык, окуя 2023-жылдын 31-январында 7-класстын окуучулары арасында болгон.

«Үстүбүздөгү жылдын 19-майында Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен Жалал-Абад облусттук билим берүү усулдук борборунун директору А. Токтосунов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ч. Койчуманова мектепке барып, окуянын жүрүшү боюнча териштирүү иштерин жүргүздү. Мектептин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу А. Хаджимиддинов, тарбиялык иштер боюнча орун басары Ш. Якубов, соцпедагог А. Жолборсова жана класс жетекчилер менен сүйлөшүлүп, окуянын жүрүшүндөгү кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди»,-деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө окуянын жыйынтыгы боюнча тиешелүүлүүгүнө жараша мектептин администрация мүчөлөрүнө, соцпедагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде жаза колдонуу милдеттендирилди.

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучу кыз чөгөлөп кечирим сураган видео тараган.

Количество просмотров: 1005