• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Сузакта дагы бир мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды

7 Үчтүн айы 202411:37 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда дагы бир мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Күн мурун өткөн иш-чагара саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышкан.

Дарыканада турмуштук маанилүү дарылардын тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.
Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү дары менен камсыздоо маселелерин чечүү.

Белгилей кетсек, республика боюнча жалпысынан 55 мамлекеттик дарыкана иштей баштады.

Количество просмотров: 131