• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сузакта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери паракорлук фактысы менен кармалды

5 Бештин айы 2020 14:55 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик агенттиги (УКМК) Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери паракорлук фактысы менен кармалганын кабарлады.

Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси ыкчам-издөө ишинин алкагында 27-ноябрда УКМК кызматкерине 60 миң сом берип жатканда колго түшкөн.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал райондун аз камсыз болгон жашоочуларынын социалдык төлөмдөрүнө байланыштуу документтердеги мыйзам бузууларды оң жагына чечүү үчүн УКМК кызматкерине берген.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды

Количество просмотров: 103