• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сузакта келин 2 баласы менен иске ууланып каза болду

22 Үчтүн айы 2020 13:06 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда 33 жаштагы келин эки уулу менен көмүрдүн исине ууланып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 19-январь күнү болгон.

Айыл тургундарынын айтымында, жаш келин эки баласы менен көмүрдүн исине ууланып, эки күн үйүндө жатып калышкан. Жолдошунун телефон чалуусуна жооп бербегендиктен, ал кошуналарына байланышкан. Алар үйүнө барганда үчөө каза болгонун билишкен.

Кошумчалай кетсек, келин айылдагы мектепте санитардык кызматкер болуп иштеген. Жолдошу Орусияга эмгектенгени кеткендиктен, маркум 2013-2015-жылдары туулган эки баласы менен жашаганы айтылууда.


Количество просмотров: 101