Сузакта Манас айтуу иш-чарасында кырсыктап ооруканада жаткан балдардын акыркысы 28-майда үйүнө чыкты. Сакайып чыккан балдарды дарыгерлер көзөмөлдөп турат.
«Кырсыкка кабылып ооруканада жаткандардын баары үйүнө чыгып келишти. Акыркысы Бишкектен 27-майда келди. Балдар учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми башка врачтар керек болуп калса, биз үйлөрүнө алып барып көрсөтүп турабыз», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абаддагы координатору Каарманбек Байдавлетов.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 2-майында Сузак районунун Жерге-Тал айылында “Урааным Манас” аттуу маданий иш-чара учурунда болгон. Дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине балдарды коюп кеткен. Иш-чарага катышып жаткан 3 миң окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, бир тобу ооруканага түшкөн. Айрымдары атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, операция жасалган.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон.