• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Сузакта манас айтып жаткан окуучуларды портер тебелеп кетти, 30 бала жабыркады

2 Бугу 2024 18:50 Бишкек Govori.TV

2-майда болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда манас айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды портер коюп кетип, 30 бала жабыр тартты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сегиз бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Үчөөнүн абалы оор экени айтылууда. Маалыматка караганда, жабыркагандардын жашы 9-16 жашта. Учурда Сузак аймактык ооруканасына 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна 8 бала жаткырылды. Абалдары орто экени кабарланды. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Окуя министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырылганы тууралуу айтылууда.

Сузак милициясы бул окуя боюнча маалымат таратып, «Хундай портер» үлгүсүндөгү автоунаа токтотуп койгон жеринен, иш чара өтүп жаткан учурда кокусунан жылып кетип окуучуларды тебелеп кеткенин билдирди.

Милиция алдын ала текшерүү иштерин баштады.

Количество просмотров: 911