• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сузакта мугалим күйөөсү тарабынан сабалды

17 Үчтүн айы 2020 15:42 Бишкек Govori.TV

Сузак районунда 34 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан улам ооруканага түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, сабалган А.О. аттуу келин 14-январь күнү Сузак райондук ооруканага жаткырылган. Бейтаптын баш мээси чайкалып, мурдунан жаракат алганын ооруканадан ырасташкан.

«Учурда бейтап дарыланып жатат. Абалы жакшы», — деп дарыгерлер.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, окуя 13-январда күндүз болгон.

«Ооруканадан райондук ички иштер башкармалыгына маалымат түшүп, тийиштүү кызматкерлер барган. Аялын токмоктоо фактысы боюнча Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгы чыкканда гана окуяга юридикалык баа берилет», — деп билдирген облустук милициядан.

Кошумчалай кетсек, 34 жаштагы келиндин мектепте мугалим болуп иштегени айтылган.

Количество просмотров: 590