• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сузакта сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады

21 Чын куран 202117:29 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Жашасын, Жаңы-Булак айылдарында Катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Селдин кесепетинен Талаа-Булак жана Көк-Булак айылдарынын ички чарбалык унаа жолуна, көпүрөгө зыян келтирилген.

Тактоо үчүн жерине Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Количество просмотров: 208