• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сузакта сууга түшүп кеткен кичинекей бала изделүүдө

17 Бугу 202114:31 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Канжыра дарыясына кичинекей бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстводон учурда баланын аты-жөнү такталып жаткандыгын айтышты.

Жерине саат 12:45те министрликтен Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмунөн 5 кызматкер тартылган. Издөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 180