• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сузакта таксистти бычактап кеткен киши кармалды

29 Тогуздун айы 2018 9:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.10.2018. Govori.TV
Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө 27 жаштагы Авазбек аттуу таксистти Бишкектен жүк күтүп аларын айтып, белгисиз кардар жалдаган. Кылмышка шектүүнү таксист айткан жерине жеткирип, бир аз күтө туралы деген сунушуна макул болгон. Ошол маалда кылмышка шектүү айдоочуну бычак менен 3 жолу сайганга үлгүргөн, бирок жабырлануучу качып кеткенге жетишкен.
Ал эми шектүү Бишкекти көздөй жол тарткан, бирок жол кырсыгына учурап, унааны ошол жерге таштап, окуя болгон жерден качып кеткен. Каракчылык беренесинин алкагында кылмыш иши козголуп, шектүү катары Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын 26 жаштагы тургуну кармалды.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө окуя болгон күнү акчасы жок курсагы ачып, таксистти алдап, ээн таалага алып барып акчасын алуу максатында ушул ишке баргандыгын билдирген.

https://www.facebook.com/100004543934323/videos/pcb.1087125624782225/1087145228113598/?type=3&theater

Количество просмотров: 77