Сузакта унаада бара жаткан адамга ок атууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында «Деу-Нексия-2» үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга «Хундай-Гетс» үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келишип бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан.
Аталган факты 30-август күнү Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
«Натыйжада Н.С. денесинен оор жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган. Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1995-ж.т. Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда опузалап талап кылуу беренеси боюнча дагы тергөө амалдары жүрүп жатат.