• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сузакта жол кырсыгынан бир адам көз жумду

24 Бирдин айы 202110:26 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылында 23-февралда саат 16:36дар чамасында Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы эркек киши каза болуп, 54 жаштагы аял жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен. Ал эми каза болгон адамдын жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 103