Сузакта 5-декабрда бир үйдөн төрт киши иске ууланып, алты жашар бала чарчап калганын “Азаттык” жазып чыкты. Бул кабарды «Азаттыкка» райондук ооруканадан билдиришкен.
Бир үй-бүлөнүн энеси, алты, төрт жана бир жаштагы балдары менен иске ууланып калган.
Маалыматка караганда, алар мешке көмүр салган бойдон уктап калышкан. Эртеси кошуналары жана келиндин кайнатасы аларды байкап, ооруканага алып барган.
Дарыгерлер текшерген учурда 2018-жылы туулган бала дем албай, жүрөгү токтоп калганы такталган. Аман калган 3 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө экени белгилүү болду.