• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Сузактагы кырсык: 14 жаран жабыркап, 2 айлык бөбөк чарчап калды

20 Теке 2022 9:16 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун 33-чакырымында минивэн оор жүк ташуучу унааны сүзүп, оодарылып калган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 19-июль күнү саат 12:00 чамасында катталган. Кырсыктын кесепетинен 2 айлык бөбөк чарчап калып, 14 адам ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен 6сы чоңдор, 8и балдар.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгы минивэндин 35 жаштагы Т.А. аттуу айдоочусунун ылдамдыкты жана аралыкты сактабастыгынан улам болгон.

Количество просмотров: 255