Буга чейин социалдык тармактарда Сузактатын Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасында балага кол көтөргөн учур тартылган тасма тарап, катуу талкуу жаралган. Бул боюнча прокуратура үч берене менен кылмыш ишин козгоп, Сузак райондук милициясы да териштирүү жүргүзө баштаган.
Буга улай эле соцтармакта секелек кызын уруп жаткан кишинин видеосу жарыяланып, талкууга алынды. Ал тамса боюнча ИИМ маалымат берип, видеодогу кызын урган адам кармалганы айтты. Милициянын маалыматы боюнча, 41 жаштагы жаран аялын коркутуу максатында мындай видео тарткан.
Жогорудагы окуялар тууралуу Эмгек, социалдык, камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова түшүндүрмө берди.