• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Сузактагы ок атууга байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

31 Тогуздун айы 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Сузактагы ок атууга байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбуздөгү жылдын 30-августуна караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында «Деу-Нексия» үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга «Хундай-Гетс» үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келишип бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан. Натыйжада Н.С. денесинен жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факты 30-август күнү Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш ишине шектүү катары Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районунун тургуну 1994-ж.т. А.Д. Бишкек шаарынан кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле А.Д. мындан ары уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясын колдобой, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактай тургандыгын айткан.

Белгилей кетсек бул кылмыш ишине шектүү катары буга чейин дагы Сузак районунун 3 тургуну кармалган.

Количество просмотров: 113