• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сузактан келген аял жалгыз пикетке чыкты

11 Үчтүн айы 202212:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн алдына Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунан келген жаран жалгыз пикетке чыгып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Майрам Тешебаеванын айтымында, анын үйү мыйзамсыз түрдө сатылып кеткен.

«Ушул маселе боюнча 5 жылдан бери кайрылбаган жерим калган жок, бирок натыйжа чыкпай келет. Соттордун мыйзамсыз чечимдеринен улам көчөдө калдым, үйүмдү кайтарып бериңиз»,-деди Тешебаева.

Количество просмотров: 361