• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясына кылмыш иши козголду

16 Жетинин айы 2018 15:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.11.2018.Govori.TV.
Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясына (Э.Д.) жана башка адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 302-беренеси (“Коррупция”), 313-1-беренеси (“Пара алуу”), 313-2-беренеси (“Пара берүүгө ортомчулук кылуу”) жана 314-беренеси (“Пара берүү”) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу маалымат башкы көзөмөл мекемесинин өзүнөн алынды.
Анда айтылгандай, сот кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн сүйлөшүүлөргө барып, фирмалардын биринин мүлкүн тартып алууга көмөктөшкөн бир катар чечимдерди кабыл алган. Мындай жол менен сот Жарандык-процессуалдык кодекстин эки беренесин бузган. Натыйжада Бишкектин тургунунун 20 млн. 500 миң сомдук мүлкү башка бир жаранга мыйзамсыз менчиктештирилген жана тартып алынган.
Иш 2016-жылы каралган. Прокуратура билдиргендей, бул ишти кароого район аралык сот гана укуктуу болчу.
Аз күн мурдараак Нарын шаардык жана Ленин райондук сотунун судьяларына да кылмыш иши козголгон.
Количество просмотров: 36