• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сыдыков: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда

1 Бугу 202117:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Мирзамир Сыдыков кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда деп билдирди.

Анын айтымында, чек арачылар чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууда. Аймакта кырдаал толук көзөмөлдө турат.

Ошондой эле Сыдыков ар кандай маалыматтар келип жатканын айтты.

«Мен жалпыга маалымдоо каражаттарынан текшерилген гана маалыматтарды таратууну суранам. Айрым учурларда чагымчыл маалымат жарыяланып, сүйлөшүүлөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — дейт ал.

Количество просмотров: 247