Эстрада ырчысы, “Сыймык” чыгармачылык-оюн-зоок борборунун артисти Сыймык Бейшекеевге “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы ыйгарылды.
Тийиштүү Жарлыкка өлкө президенти Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы кабарлады.
Комуздун коштоосунда элдик жана обончулардын ырларын коңур үнү аткарган Сыймык Бейшекеев 48 жашта. Автордун обондуу ырларынын жыйнагы, бир нече альбому жарык көргөн. “Күзгү нөшөр”, “Сары кыз”, “Көлдүк кыз” аттуу ж. б. ырлары эстрада ырчыларынын өздүк репертуарынан түшпөй ырдалып келет.