• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Сыймык Жапыкеев ИИМге суракка кирди

2 Кулжа 202017:26 Бишкек Govori.TV

«Чоң Казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлру боюнча чыккан экспертизанын жыйынтыгы боюнча ИИМге суракка кирди. Бул тууралуу аталган кыймыл ютуб баракчасына жарыялады.

https://www.youtube.com/watch?v=We7KbtZK7Jc&feature=share&fbclid=IwAR2UAfYFQ12lWqjd-0uq32zTVAwiPIv-CIb5kXIJlZZrYw2lhKqI9A11uFI

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталган арызы боюнча С. Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү дайындалган.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, С. Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.

«Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 152