• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүнө жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты

26 Бугу 2020 17:03 Бишкек Govori.TV

Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты К.Жумалиевдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган арызы боюнча С. Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дайындалган.

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, С. Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 210