• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылган жаран кармалды

23 Баш оона 202411:10 Бишкек Govori.TV


УКМК уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Г. Ж. аттуу 57 жаштагы адамды кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө сымаптын ири партиясын Баткен облусунан Бишкек шаарына сатуу максатында ташып келүү пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул боюнча тиешелүү иштерди жасоонун аркасында, Чүй облусунун Жайыл районундагы Төө-Ашуу ашуусунан Г. Ж. аттуу жарандын унаасынан 40 кг сымап табылган. Ал сымапты 8 миң долларга сатуу үчүн Бишкек шаарына алып бара жаткан.

Учурда аталган факты боюнча тергөө иш-чаралары, анын ичинде уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 116