Бүгүн, 27-августта Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» тоо лыжа базасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 7,1 чакырымдын 3,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Абсаттар Сыргабаев жол салуу иштерин кышкы лыжа тебүү сезонуна чейин тездик менен бүтүрүүнү тапшырды.