• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сыргак Бердикожоев Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болду

11 Бирдин айы 202614:24 Бишкек Govori.TV

Сыргак Бердикожоев Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Бердикожоев Сыргак Кадырович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Эске салсак, кечээ буга чейин УКМКнын курамында болуп келген 9-кызматтын базасында президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлгөнү кабарланган. Бул тууралуу жарлыккка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Количество просмотров: 234