Бишкек–Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-13-июнь күндөрү туннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган.
Жолчулар түтүктөрдү тазалап, суу кеткен, бирок абал кайра кайталанган.