Бишкек — Ош жолунун Төө-Ашуусудагы «Көлбаев» атындагы туннель убактылуу жабылды. Бул тууралуу унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Унаа түштүктөн түндүктү көздөй мрамор жүктөп бара жаткан. Ал туннелдин ичинен жүрүп баратканда кузовдон таш жерге кулап кеткен. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес» -деп жазылат.