• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төкмө акын Аалы Туткучев аткаминерлерди сындап ырдады (видео)

31 Баш оона 202014:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ала-Тоо» аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда  маданий иш-чара өттү. Иш-чара мамлекеттик телеканалдарда түз эфирде көрсөтүлүп, ага медицина кызматкерлери, милиционерлер жана башка COVID-19 менен күрөшүүгө катышкан жарандар конок катары катышты.

https://youtu.be/gJDkvEDysJ4

Кыргызстандыктарды куттуктап ырдаган төкмө акын Аалы Туткучев аткаминерлерди сындады.

«Эл бийлигин тымызын

Тоноп жаткан чоңдор көп

Сол чөнтөккө тымызын

Солоп жаткан чоңдор көп

Чоң деген аты болбосо

Чоң уурдаган борлор көп»,— деген акын бажыдагы жемкордукту дагы эске салып ырдады.

https://www.instagram.com/tv/CEjCQA3D70S/?igshid=qft0slgsz5p7
Количество просмотров: 1404