• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду

23 Үчтүн айы 2022 18:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-январда төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башмармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда анын кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жатат.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. Кеңседе тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлерди алып кетишкен.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бишкек шаарынын Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери тарабынан акын Болот Назаров кармалып, андан өзгөчө жыты бар кочкул күрөң түстөгү зат салынган желим боо табылганын билдирген.

Анын салмагы таңгак менен бирге 14,71 граммды түзгөн. Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, зат салмагы 8,69 граммды түзгөн баңгизаты болгон кара куурай чайыры «гашиш» болгон.

Буга байланыштуу Болот Назаров Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 48 саатка камалган.

Ал эми кармалгандардын тарапкерлери аларга маңзатты тинтүү учурунда атайылап салып коюшканын айтып жатышат.

Количество просмотров: 650