• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Төкмө акын Назаров: Сөз эркиндиги бизден башталарын далилдедиңиздер

24 Үчтүн айы 2022 0:46 Бишкек Govori.TV

Сөз эркиндиги бизден башталарын далилдедиңиздер. Мындай пикирин үй камагына чыккан төкмө акын Болот Назаров билдирди. Назаров аны бошотууга чогулгандардын аракети себеп болгонун белгиледи.

«Планетадагы сөз эркиндиги бизден башталарын далилдедиңиздер. Эң негизгисин айткым келет. Өзүбүз ушинтип ынтымактуу болсок, сөз эркиндигин алып келе алабыз. Ынтымакка келе албай, сөз эркиндиги деп бирден ыйлай бергенде бөлүнгөндү бөрү жеп кетет экен. Кандай кылып сөз эркиндигин алып келиш керек экенин сиздер суукка карабай ушунча туруп, дүйнө жүзүнө сабак болдуңуздар деп эсептейм»-деди ал.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бишкек шаарынын Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери тарабынан акын Болот Назаров кармалып, андан өзгөчө жыты бар кочкул күрөң түстөгү зат салынган желим боо табылганын билдирген.

Буга байланыштуу Болот Назаров Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 48 саатка камалган. Кийин эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына бошотулду.

Акындын жубайы жана бир туугандары анын кармалуусун каралоо катары баалашкан.

Белгилей кетсек, Назаров жемкорлукка байланыштуу көрүнүштөрдү төгүп ырдап, бийликке сын айткан акындардын бири.

Количество просмотров: 655