• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт

9 Жетинин айы 202310:28 Бишкек Govori.TV

Төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Иш-чара президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында жана Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган.

Айтыштын тандоо туру 15-ноябрда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук косерваториясында өтөт. Башталышы саат 10:00. Кирүү акысыз. Ал эми жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат. Билет баасы 500 сом.

Сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Количество просмотров: 187