• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түлөбаев: Акчадан өлгөнү калганбы… Бабановбу, башкабы киргизбе да

23 Кулжа 2020 12:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек куруп, борбордогу коронавирус боюнча жаралган абал тууралуу айтып берди.

Анда ага шаардагы кафе, ресторандардын иштөөсү тууралуу суроо узатылып, а түгүл аттуу-баштуу адамдардын эл чогултуп жатканы тууралуу суроо узатылды.

Ага жооп берген Түлөбаев болгон аракет кылсак да укпаган адамдар бар экенин айтты.

«Мен таң калып жатам. Акча дегенде өлөт экен да… Такыр укпайт экен да булар, ай киргизбе дегенден кийин киргизбе да Бабанов болобу, ким болот, Балбак болобу мага демектен машаяк болобу. Болду эми баарыдыгы турукташмайынча «Кайнарды» такыр ачпайбыз. Баш ийбегендерди толук жабабыз. Эми элди аман алып калыш керек да», — деди Түлөбаев.

Балбак Тулебаев агынан жарылды

Опубликовано Joodar Buzumov Понедельник, 22 июня 2020 г.

Эске салсак, «Кайнар» ресторанда мындан эки ай мурда каза болгон Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулуп жаткан. Ал эми айрым маалыматтар боюнча Карганбек Самаковдун эжесине куран окулуп жатканы айтылды. Журналист келген кишилерди жана унааларды тартып жаткан.

Kaktus.media басылмасынын журналисти Марат Уралиев окуяны түз эфирде чагылдырган. Жансакчы деп айтылган адам журналистке ресторан жайгашкан аймактын тротуарынан өтүүгө да тоскоолдук кылган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Кафе-ресторандарга 50дөн ашык адам топтолбошу керек. Бишкектеги “Кайнар” ресторанына куран окутууга 50дөн көп адам чогулган айтылып, ресторанга 13 миң сом айып салыны айтылды.

Количество просмотров: 1568