Элдин жонунан кайыш алгандардын сазайын бериш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, мындай оош-кыйыш мезгилде пайда табам деген кызыл кулактар арбыйт.
«Мындай кырдаалды мен пандемияда көргөм, азыр да ошону көрүп жатам. Май, ун, шекер да бар. Бирок атайы кампаларына катып коюшат. «Жок, жок» деп анан бааны көтөрүшөт. Болбосо баары мурун баа өсө электе, доллар кымбаттай электе эле келген, аны текшерүү да оңой. Булар элдин азабынан коркпогон акмактар. УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич менен ИИМ башчысына да кайрылып кетет элем, мындай кыйчалыш маалда акча, пайда табам дегендерге жазасын бериш керек” – деди депутат.