• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түлөбаев: Өкмөттү айдашыбыз керек же өзүбүз кетишибиз керек

29 Аяк оона 2022 12:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-сентябрда ЖК жыйыныда депутат Балбак Түлөбаев министрлер кабинетин отставкага кетирүү тууралуу пикирин айтты.

«Баткенге бөлгөн 500 миллион сомубуз каякта? Ошону бизге тактап таап бериңиз. Себеби жылдын башында бөлүп бергенбиз. Айта берип тилибиз тешилип бүттү. Урматтуу депутаттар, айткан нерсе аткарылбаса бир чечимге келишибиз абзел. Өкмөттү айдашыбыз керек же өзүбүз кетишибиз керек. Бизди укпагандан кийин эмне кереги бар. Эки жолдун бирөөсүн тандашыбыз шарт», — деди Түлөбаев.

Количество просмотров: 1559