• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түлөбаев: Мадумаров президенттик шайлоого даярдык көрүп, упай топтоп жатат

29 Кулжа 2022 13:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн парламент жыйынында депутаттар Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров жеке адамдардын мүлкүнө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүдөн баш тартты.

Кесиптештери аларды саботаж кылып жатат дешип, сынга алышты. Депутат Балбак Түлөбаев өзүнүн нааразы пикирин билдирип жатып, Адахан Мадумаров президенттик шайлоого даярдык көрүп жатат деди.

«Башыңда кылыч турса да позициядан тайбаш керек, эки жакка секирбөө керек. Азыр бул жерде позициялардын күрөшү болуп жатат. Өкмөт мыйзамдарды алып келип жатат. «Бүтүн Кыргызстан» каршы чыгып жатат. Эмнеге? Өкмөттү сындырыш керек да өзүлөрү бийликке келиш керек, азаматсыңар! Өлүп бара жатсаң да позицияңды айтып өл да. Оаба бул шоу эмес, саясий упай топтоо дейт муну. Муну эртеңки президенттик шайлоого даярдык дейт. А биз олтуруп бердик… Мыйзамдар жол берген соң ошол менен алдыга кетиши керек. Казино мызамын ушундай эле кабыл албадыңарбы. Күрөшкүлө же саясий аренадан чыккыла», — деди Балбак Түлөбаев.

Количество просмотров: 2094