Мындай пикирин бүгүн, 9-февралда өткөн маалымат жыйында мэрдин милдетин аткарган Балбак Түлөбаев билдирди.
«Убакыттан пайдаланып айтып кетким келет. Орус тилинде так сүйлөй албаган чиновниктерди тепкилеп жатып калабыз. Биз орус тилин билгенге милдеттүү эмеспиз. Анткени орус тили биздин эне тилибиз эмес. Айрым учурда биз адашабыз, андан мемдерди жасоонун кереги жок. Баарына түшүнүктүү болсун деген таризде расмий тилде сүйлөгөнгө аракет кылып жатабыз. Көпчүлүк чиновниктерибиз айылда чоңойгон. Кээде биздин жакшы айта албай калган сөздөрүбүздү сынга алганда капа болобуз.Мага социалдык тармактарда фейктер «мамбеттер», «мырктар» кеткиле деп жазып жатышат. Бирок бардык шаардыктардын ата-энелери айылдан келишкен. Силер башкаларга жардам бергиле»,-деди Түлөбаев.