• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Түлөбаев ЖКга министрлер кабинетинин отчетун угуудан баш тартуу сунушун бербегенин айтты

26 Чын куран 2022 18:25 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизип, министрлер кабинетинин отчетун угат деген нормаларды тиешелүү мыйзамдардан алып салууну сунуштаганын ЖК комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирген.

«Балбак Түлөбаев регламентке «парламент Конституцияны өзгөртпөйт, министрлер кабинетинин республикалык бюджет боюнча отчетун укпайт» деп киргизүүнү сунуштады. Бирок бул норма Конституцияда каралгандыктан киргизе албайбыз», — деген Маматалиев.

Мындан көп узабай, депутат Балбак Түлөбаев фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып жогорудагы сунушту айтпаганын айтты.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев жыйында Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевди алмаштырып айтып алганын кабарлады.

Количество просмотров: 365