• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Түлеев Атамбаевдин үйүнө жүрүш жасайбы?

3 Теке 201913:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Бүгүнкү күндө штабка кошулуп, Атамбаевдин үйүнө жөө жүрүш кылууга миңдей адам макул болгонун Түлеев фейсбук баракчасына жазды. Мындан тышкары жүздөгөн чалуулар болуп жаткандыгын кошумчалады.

“Мен мынчалык массалык жек көрүүнү күткөн эмес элем, бирок бул факт!”-дейт билдирүүсүндө Түлеев.

Жөө жүрүштүн катышуучуларынын коопсуздугу үчүн 80-100дөй атчандар дагы катышарын белгиледи. Ал эми бул акциянын датасы жакынкы күндөрү муниципалитеттин уруксаты менен чечилерин жазган.

Количество просмотров: 11