• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түн тынч өттү. Чек арадагы абал

12 Үчтүн айы 2020 12:14 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү бүгүн, 2020-жылдын 12-январына карата, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөөрун маалымдайт.

Түн тынч өттү. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүнү улантышууда.


Чек арачылар укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте чек арага канатташ жашаган эл арасында иш алып барышып, чек арага жакын аймакта мыйзам бузуулардын болбошу жана чыр-чатактар чыгып кетпеши үчүн иш-чараларды жүргүзүшүүдө.


Баткен облусунда жүрүшкөн КР МЧКнын төрагасынын биринчи орун басары — Башкы штабдын башчысы полковник А. Алимбаев жана КР ИИМнин министринин орун басары милициянын полковниги А.Орозалиев чек арадагы абалды көзөмөлгө алышууда.

Количество просмотров: 74