• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Түндүк Кипрде «Айтматов ааламы» таанылды

27 Бештин айы 2018 11:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.2018.Govori.TV

26-декабрда Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы Кипр Социалдык илимдер университетинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматов ааламы» аталышта таанытым иш-чарасы болду. Анда аталган өлкөдөгү Гирне Америка университенин студенти Бегимай Мамурова жана Жакынкы Чыгыш университетинин магистранты Ислам Кылычбек улуу жазуучунун өмүр баяны, басып өткөн жолу, чыгармачылыгы, анын кыргыз адабиятындагы гана эмес дүйнөлүк адабияттагы орду, 90 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн маданий иш-чаралар тууралуу айтып беришти.

«Биздин Кипр студенттеринин эл аралык ассоциациябыз (CISA) бул өлкөдөгү бардык окуу жайлар, анда окуп жатышкан ар кандай өлкөлөрдүн студенттери менен тыгыз байланышта иш алып барат. Жакында эле Кипр Социалдык университетинин ректору, профессор Мустафа Түмер менен жолугушууда улуу жазуучунун 90 жылдыгынын алкагында студенттерге кандайдыр бир маалымат айтып берүүбүздү өтүнгөн. Бүгүн биз төгөрөктүн төрт бурчунан келип окуп жаткан жаштарга эркиндик, сүйүү, достук, айлана-чөйрө менен адамзаттын байланышы, намыс, бакыт, жеңиш тууралуу Айтматовдун ой-пикирин, мурас калтырган чыгармаларынын мисалында айтып бердик»,-дейт Ислам Кылычбек.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматовдун 90 жылдык юбилейин утурлай эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2018-жылды «Айтматов жылы» деп жарыялаган. Мунун алкагында бир катар түрк тилдүү өлкөлөрдө ар кандай иш-чаралар өтүүдө.

Количество просмотров: 13