• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Түндүк Кореянын эки жараны дорама көргөнү үчүн соттолду

21 Үчтүн айы 2024 13:19 Бишкек Govori.TV

Би-Би-Си Түндүк Кореяда эки өспүрүм Түштүк Кореянын дорамасын (телесериал) көргөнү үчүн соттолгон видео тасманы жарыялады. Өспүрүмдөр дорама көргөнү үчүн 12 жылга оор жумуштарды аткарууга кесилген. Би-Би-Сиге видеону Түндүк Кореядан качкандар менен иштеген өнүктүрүү изилдөө институту берген. Бул видео 2022-жылы тартылган деп болжолдонууда.

Видео тасмада мектеп окуучуларына толгон стадиондо боз кийимчен эки өспүрүмдүн колуна кишен салынып жатканын көрүүгө болот. Маалым болгондой, видео Түндүк Кореяда идеологиялык тарбиялоо жана жарандарды “жолдон чыгаруучу берүүлөрдү” көрүүгө каршы эскертүү максатында таратылган.

Түндүк Корея өлкөнүн жашоосу тууралуу сүрөттөрдү, видеолорду жана башка далилдерди тышкы дүйнөгө берүүгө тыюу салат.

2020-жылы Пхеньян Түштүк Кореянын программаларын көрүү, сактоо же таратуу үчүн жазаны катаалдантып, анын ичинде өлүм жазасына чейин күчөткөн.

Количество просмотров: 133