• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Түндүкэлектр” Талас филиалынын Манас РЭТнин кызмат адамдары кармалды

25 Чын куран 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

Талас облустук прокуратура органдары тарабынан “Түндүкэлектр” ААКнын Талас филиалына караштуу Манас РЭТнин айрым кызмат адамдары коррупциялык аракеттерге баргандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө жогоруда аталган мекеменин кызматкерлери Манас районуна караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары менен туруктуу байланыш түзүп, турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттердин колдонгон электр энергиясы үчүн Манас РЭТине түшкөн накталай төлөмдөрдү «XENON» жана «IBS» базаларына кириштебестен, өздөрүнө ыйгарып, алардын төлөмдөрүн бюджеттин акчаларынын эсебинен бурмалап, жаап келишкендиги тастыкталган.

Алдын ала эсеп боюнча, мамлекетке 2 млн 800 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иштери козголгон.

Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ААКнын Манас РЭТнин башчысы Б.А.А., электр энергиясын сатуу боюнча башчынын мурунку орун басары О.А.О., электр энергиясын сатуу боюнча бөлүмүнүн мурунку инженери У.Н.Н., Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 102