• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түндө Ош базардын жанында 12 жаштагы кыз тонолду

6 Жетинин айы 202115:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында тоноого шектелген жаран кармалды, деп билдирди Милициянын кайгуул кызматы.

Окуя бүгүн, 6-ноябрга караган түнү 02:30 чамасында Рыскулов менен Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Белгисиз адам 12 жаштагы кыздан уюлдук телефонун жана 1700 сомун тартып алып, качып кетүүгө аракеттенген. Бирок кайгуул кызматкерлери кылмышкерди кармашты. Ал 1998-жылы туулган Б.Ж. экени белгилүү болду.

Шектүү милицияга жеткирилип, аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталды.

Количество просмотров: 485