• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түп районунунда эки баштуу музоо туулду (видео)

24 Бирдин айы 2020 13:03 Бишкек Govori.TV

Түп районунун Күрмөнтү айылында 2 баштуу музоо операция жолу менен туулду. Бул тууралуу аймактык ветеринардык дарыгердин маалыматына таянып Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, былтыр да аталган айылда эки баштуу музоо туулган.

«Күрмөнтү айылынан Ырыскелди Орозбаев деген байке уюм тууй албай жатат деп телефон чалып калды. Барсам уй кыйналып жатыптыр. Текшерсем, колума эки баш урунду. Жардамчым Эламан Дайырбековду чакырдым. Экөөлөп операция жолу менен музоону алып чыктык. Уйга тиешелүү укол сайып, курсагын тазалап, кайра тигип койдук. Музоонун бир башы кыймылдабагандыктан анын мал болбой турганын билип, мууздап, адалдап койдук. 23-февраль күнү уйду көргөнү барсам ордунан туруп, жем-чөп жеп калыптыр. Уйду сүрөткө тартып алалы десек, ээси тарттырбай койду.
Былтыр да айылдан ушундай эки баштуу бир музоону операция жолу менен алып чыкканбыз. Аны да мууздап салууга туура келген. Мен ветеринардык дарыгер болуп иштеп жаткан мезгилде мындай учур үчүнчү жолу кайталанды. Былтыр бир койду операция жолу менен туудуруп, эки баштуу козу алып чыкканбыз. Энелери аман калып, төлүн аман алып кала албай жатабыз», — деди Нургазы Кудайберген уулу.

Количество просмотров: 10458