• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түптө 13 жаштагы өспүрүм асынып алган

27 Бирдин айы 202512:39 Бишкек Govori.TV

Түп айылында өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

Милициянын маалыматы боюнча, 26-февралда Түп РИИБге Түп айылынын 2012-жылы туулган өспүрүм өз үйүнүн жанындагы уй сарайында асынып алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Билдирүү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

«2012-жылы туулган бала 26-февраль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн мал сарайында шпагат жипке асынып каза болгон. Окуя болгон жерден маркумдун жансыз денесин сырткы кароо учурунда, мойнундагы асылган жиптин изинен башка эч кандай жарааттар аныкталган эмес», — деп айтылат малыматта.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылып жатат.

Количество просмотров: 375