• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Түптүн кире беришиндеги унаа жолду бойлой өскөн теректер кыйылып калуусу мүмкүнбү?

17 Бугу 2024 14:10 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай баатыр айылындагы чоң унаа жолду бойлой өскөн теректер кыйылып калуусу мүмкүн экенин айткан жергиликтүүлөр кабатыр болушууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, унаа жолду кеңейтебиз деп көпчүлүккө белгилүү болгон бул теректерди кыйуу туура эмес.

Ал эми Транспорт министрлиги азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Эске салсак. Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр участогунун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин реконструкциялоо» долбоору боюнча курулуш иштери 1-апрелден тартып башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда башкы подрядчы «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясы техникаларды, жабдууларды жана кызматкерлерди мобилизациялоо, бактарды кыюу иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 107