20-августта Чек ара кызматынын 2022 аскер бөлүгүндө мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан
катардагы жоокер И.А. асынып алган. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы
билдирди
Маалыматта айтылгандай, бул факты боюнча дароо тийиштүү укук коргоо органдары кабардар болду. Ведомство тарабынан бардык жагдайларды жана окуянын себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды.
Ачык булактардагы маалыматка караганда, 2022 аскер бөлүгү Баткендеги Төрт-Гүл айыл аймагында жайгашкан.