Бүгүн, 26-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда 22 жаштагы жигит өзүнө өрт койду. Маалыматты Govori.TVга облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, бүгүн милицияга Түп райондук ооруканасынан билдирүү келип түшкөн. Анда 2001-жылы туулган жаран күйүк алып ооруканага жеткирилгени кабарланган.
Аталган факт Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
«Окуя болгон жерден күбөлөр суралып, күйүк алган жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалды»,-деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.