• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түптө ишкердин үйүн тоногон шектүүлөр кармалды (видео)

9 Үчтүн айы 2024 16:52 Бишкек Govori.TV

Түп районунда ишкердин үйүнө бастырып кирип, каракчылык кылууга шектүүлөр кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүлөр 31-декабрда таңкы саат 5терде Түп айылындагы жергиликтүү тургундун үйүнө терезеден кирип, үй ээсин уруп, байлап салышкан. Анын жубайын да уруп, тогуз жаштагы баласын бычак менен коркутуп, акча талап кылышкан.

Шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүгү (Каракчылык) менен иш козголду. 

Кармалган жарандардын бири 1988-жылы туулган Б.Р. жасалма документ жасагандыгы үчүн Орусиянын аймагында издөөдө жүргөнү жана экинчиси 1987-жылы туулган О.Ф. мурда соттолгон деген маалыматтар бар. Экөө тең Түп районунун тургундары болушат. Алар Түп РИИБге жеткирилип, сот тарабынан аларга карата эки айга камакка алуу боюнча чечими чыкты. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 368