• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түптө 42 жаштагы жаран эки кызын зордуктоого аракеттенген деп шектелүүдө

22 Чын куран 2020 18:05 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө өгөй ата эки кызын зордуктоого аракеттенген деп шек саналууда. Бул окуя учурда иликтенип жатканын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирген.

Буга чейин, жергиликтүү укук коргоочулар Түп районунун тургуну 17-апрель түнү бойго жете элек өгөй кыздарына мас абалында кол салууга аракет кылганын, кыздар кошунасыныкына качып үлгүргөнүн социалдык тармактарга жазып, милицияга кабарлашкан.

Басма сөз катчынын маалыматы боюнча, бул факт Түп райондук ички иштер бөлүмүндө 20-апрелде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жазык кодексинин 165-беренеси («Жашы жете электерге карата жыныстык байланышсыз ыплас аракет кылуу») боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Бул иш боюнча шектүү Түп районунун 42 жаштагы тургуну камакка алына элек. Ал эми кичинекей кыздарды райондук социалдык коргоо кызматкерлери коопсуз жакка алып кетишкен.

Количество просмотров: 1501